Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:36

Шаардык сот Абековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок


"MegaCom" уюлдук компаниясынын ("Альфа Телеком" ачык акционердик коому) жетекчисинин кеңешчиси Алмазбек Абековдун баш коргоо чарасы ошо бойдон калды. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту чыгарды. Эми Абековдун адвокаты көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылмай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

1-февралда Биринчи Май райондук соту Абековду жана "MegaCom" компаниясынын жетекчиси Азамат Мурзалиевди, "Новострой сервис" уюмунун жетекчиси Аман уулу Кенжебекти 31-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарган. Алар мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен кармалган. Азырынча иш сотко өтө элек, тергөө жүрүп жатат.

"MegaCom" компаниясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Азамат Мурзалиев келгенден бери киреше өсүп, мамлекетке төккөн акчанын суммасы да көбөйгөн. Каржы, чарбалык иштерди эл аралык аудитордук компаниялар текшерип турат. (RK)

XS
SM
MD
LG