Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

"Центерра" Кумтөрдө иш токтоп калганын эскертти


Канадалык "Центерра Голд" ишканасы Кыргызстандагы алтын кениндеги иш нааразылык акциясынын кесепетинен улам бардык иштер дээрлик толугу менен токтотулгандыгын билдирди.

"Центерра" тогуз күн мурда башталган бир миңдей жумушчунун иш таштоосун «мыйзамсыз» деп мүнөздөдү.

Жумушчулар ишканадан мамлекеттик Социалдык корго 17 жылдан бери төлөп келген акчаны кайтарып берүүнү талап кылууда.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кениндеги абал талкууланып, депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия үч ай ичинде алтын казуунун айланасындагы көйгөйлөрдү, айлана-чөйрөнүн абалы, өндүрүштүн коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо талаптарынын аткарылышын текшерет.

Ишкана Социалдык корго бардык төлөмдөрдү мыйзам чегинде төлөп келаткандыгын айтууда. Кумтөр өндүрүшү Кыргызстандын экономикасынын 12 пайызына туура келип, "Центерра Голд" дүйнөдө казган алтындын басымдуу бөлүгүн түзөт. (JCH/RK)

XS
SM
MD
LG