Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

Муса Мураталиев 70 жашка чыкты


Маскөөлүк кыргыз жазуучусу Муса Мураталиев бүгүн 15-февралда 70 жашка чыкты.

Муса Мураталиевдин мааракеси Кыргызстанда белгиленээри маалым эмес.

Жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу адабиятчы, Бишкектеги Чүй университетинин профессору Бекташ Шамшиев Азаттыкка буларды билдирди:

- Кыргыз коому Муса Мураталиевге чыныгы талант катары мамиле жасашы керек эле. Анын чыгармачылыгы кыргыздарга албетте таанымал. Ал Мырза Гапаров, Асанбек Стамов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов өңдөнгөн таланттардын катарында турган чоң жазуучу жана чоң прозачы.

Ондогон повест, аңгемелерин көптөгөн тилдерге которулган жазуучунун соңку “Бурхан жана Мария” деген эки роман кирген китеби Маскөөдө 2011-жылы орус тилинде жарык көрдү. Чыгарма бөтөн жерди жердеген кыргыздын жашоосу менен жалгыздыгы, орус улутчулдугу, кыргыз тарыхы жана Манас эпосу, жоголуп кеткен уруулары өңдөнгөн көп кырдуу маселелерге арналат. JCH

XS
SM
MD
LG