Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Иран Тегерандагы изилдөө реакторуна атомдук отунду жүктөй баштады


Реакторго атом отунун президент Ахмединежад өзү жүктөп берди, 15-февраль, 2012
Реакторго атом отунун президент Ахмединежад өзү жүктөп берди, 15-февраль, 2012
Ишти президент Махмуд Ахмединежад өзү баштап, ядролук отундун өзөгүн реакторго жүктөп бергенин сыналгыдан түз алып көрсөтүштү. Буга удаа эле иран бийликтери Евробиримдиктеги алты мамлекетке – Голландия, Испания, Италия, Франция жана Португалияга – мунай экспортун токтотконун жарыялады. Муну расмий Тегеран буга чейин Еврошаркет Иранга каршы киргизген экономикалык санкцияларга жооп деп атады.

Батыш Иранды "атомдук бомба жасап жатканы болушу мүмкүн" деп, өзөктүк программасы боюнча иште ачыктыкты талап кылып келатат. Расмий Тегеран анын өзөктүк программасы жайчылык максатта гана отун алыш үчүн иштей турганын кайталоодо.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG