Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Сирияда жаңы Конституция боюнча рефедендум өтөт


Сириянын президенти Башар ал-Асад Конституциянын жаңы долбоору боюнча рефедендум өткөрүүнү буйруду. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда өлкөдөгү шайлоолорго бир эле “Баас” партиясы эмес, башкалар да катышууга укук алышат. Референдум 26-февралга белгиленди.

Сирияда өкмөткө каршы демонстрациялардан кийин башталган тополоң, зордук-зобун токтобой жатканына бир жылга жакындап калды. Оппозиция референдум боюнча жарыяны четке какты. Расмий Вашингтон болсо Асаддын референдум боюнча айтканын “күлкүнү келтирген сунуш” деп атады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров аны “алдыга карай кадам” деди.

Ал арада адам укугун коргоочу активисттер Сириянын коопсуздук күчтөрү Хомс жана Хама шаарларын дагы аткылоого алышканын кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG