Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

“Чех аба жолдорунун” учкучу асманда көз жумду


Варшавадан Прагага келаткан учактын капитаны кокусунан асманда каза болду. Czech Airlines компаниясынын расмий өкүлү билдиргендей, кечээги окуяда 46 жүргүнчүнүн эч кимиси зыян тарткан жок. Учакты экинчи учкуч аман-эсен жерге кондура алган.
Учак жерге конгондон кийин догдурлар эсин жоготкон пилоттун өмүрүн сактап кала алышпады. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, ал 55 жашта болчу.

XS
SM
MD
LG