Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Катуу бороондон Ош – Сары-Таш – Эркештам жолу жабык турат

Ушу тапта Оштун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолу жабык турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ушул түнү саат 02:00 чамасында унаа жолдун 218-227-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу) катуу бороондун кесепетинен жол убактылуу жабылган. Тазалоого тиешелүү техника тартылган. Бирок көрүү мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу тазалоо иштери жүргүзүлө элек. Бороон токтоору менен жолду тазалай башташат. (RK)
​
XS
SM
MD
LG