Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Айтматова: Парламентте "ар түрдүү" маселе көтөрүү - бул популизм


Жогорку Кеңеште "ар түрдүү маселелерди" көтөрүп чыгуу - бул иштебеген депутаттардын популизми. Мындай оюн ушу тапта парламентте жүрүп жаткан талкуу учурунда "Ата Мекенден" депутат Ширин Айтматова билдирди. Анын айтымында, "өз айылында аткара албаган иштерди" депутаттар парламенттик трибунадан айтып, көрүнгүсү келет. "Эгер маселеңер бар болсо, өкмөткө кат жүзүндө жазып жиберигиле да", - деди депутат.

Бирок айрым депутаттар Жогорку Кеңеш элдин атынан шайланып келгендиктен, элдин көйгөйлөрүн айтууга тийиш дешти.

Регламентке ылайык, ар жуманын бейшембисинде Жогорку Кеңештин иши "ар түрдүү" маселелерди талкуулоодон башталат. Каалагандар микрофонго чыгып, шайлоочуларынын атынан көйгөйлүү маселелерди көтөрүшөт. Мурда буга 30 мүнөт бөлүнчү, ар бир депутатка эки мүнөттөн тийчү. Эми 45 мүнөттө ар бир депутат үч мүнөттөн сүйлөсүн деген чечим кабыл алынган. Бирок бүгүн айрым депутаттар бул убакыт аздык кылат деп нааразы болуп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG