Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Абакта каза тапкан Эшбаевдин жакындары жол тосушат


УКМКнын тергөө абагында каза болгон Айбек Эшбаевдин жакындары талаптар аткарылбаса эртең жол тосушат. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Баткендин Кадамжай районунун тургуну, Айбек Эшбаевдин досу Абдраим Кошназаров билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында асынып өлдү делген милиция кызматкери Айбек Эшбаевдин жакындарынан эки жүздөй киши 14-февралда Ош - Баткен унаа жолун тосуп, бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышкан. Абдраим Кошназаровдун айтымында эртеңге чейин Айбек Эшбаевдин өлүмү боюнча УКМКнын тиешелүү кызмтакерлерине иш козголбосо, 17-февралда кайрадан жол тосууга чыгышат.

46 жаштагы Эшбаев акча талап кылды деген шек менен кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. 13-февралда таңга жуук асынып өлгөнү айтылган. Бирок жакындары ал өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбей, ишти калыс тергөөнү талап кылышууда, себеби анын денесинде көк ала, кандын тактары бар экени аныкталган. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG