Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

Ош: Облустук китепканада Америкага арналган бөлүм ачылат


17-февралда Оштогу Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик китепканада Америкага арналган бөлүм ачылат. Салтанатка АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен катышат. Вашингтондон АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Сьюзан Эллиотт келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” китепкананын директору Бактыгүл Мырзаева билдирди. Анын айтымында, бөлүм АКШнын мамдепартаментинин программасынын алкагында, АКШ элчигилигинин каржылык колдоосунда ачылып жатат. Бөлмө китептер менен толукталып, мультимедиалык каражаттар, компьютер жана интернет менен камсыздалды. Ошондой эле Америкага барып окугусу келгендерге акысыз кеңеш берилип, тренингдер өткөрүлөт.

Буга чейин мындай борборлор Бишкекте Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында, бир катар облустук китепканаларда ачылган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG