Бүгүн Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Сирияда 11 айдан бери уланып жаткан коогалаңды айыптаган резолюция кабыл алат деп болжолдонууда.
Резолюция Башар ал-Асаддын режиминин бийликке каршы көтөрүлгөн элге айоосуз күч колдонуусун катуу сындап, Сирия лидерин кызматтан кетүүгө чакырган тынчтык планын жактайт.
Дал ушундай резолюция 4-февралда Коопсуздук Кеңешинде колго салынганда, вето укугуна ээ Орусия жана Кытай каршы чыгып, ал бекитилбей калган. Орусия жана Франциянын тышкы иштер министрлери бүгүн Венеда кездешип, Сириянын коогалаңдуу аймактарынан адамдарды чыгарып кетүү боюнча гуманитардык корридор түзүү сунушун талкуулашат.