Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкери милицияга пара берди деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдирди.
Дирекция тарабынан Абдрахман Маматалиев аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 150 миң сом ссуда берилгени тууралуу маалымат милицияга 14-феврал күнү кабарланганы айтылууда.
«Ссуда алган киши июн коогасында жабыр таркан эмес экен. Мамлекеттик дирекциянын ишкердикти колдоо боюнча эксперти Маматов Аскарбек өзүнүн жасаган кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында кечээ 15-феврал күнү 150 миң сом акчаны пара катары сунуштап, милицияга берип жаткан учурда кармалды. Азыр сурак берип жатат»,- дейт Сыдыков.
Маматовду кармоо үчүн милиция жашыруун видеобайкоо жүргүзгөн.
Маалыматты Ош жана Жалал-Абад боюнча мамдирекциядан да тастыкташып, бул иш боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтышты. (SE/RK)