Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Түндүк кореялыктар маркум көсөмүнүн туулган күнүн майрамдоодо


Түндүк Кореянын калкы өлкөнүн мурдакы көсөмү Ким Чен Ирдин 70 жылдыгын майрамдашты. 17 жыл бийликте отурган Ким Чен Ир өткөн декабрда жүрөгү кармап көз жумгандан кийин анын орду маркумдун кенже уулу Ким Чен Ынга өткөн. Кумсусан мемориалдык комплексиндеги маркумду эскерип гүл кою салтанаты аскерий парад жана фейерверктер менен коштолду. Шейшемби күнү Ким Чен Ирдин 6 метрлик коло айкели ачылган. Маркумга Түндүк Кореядагы эң чоң аскерий даража - генералиссимус наамы ыйгарылды. Буга чейин мындай наам коммунисттик Кореянын түптөөчүсү, маркумдун атасы Ким Ер Сенге гана берилген.

XS
SM
MD
LG