Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

Баткен: Кулунду чек ара тозоту күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек ара аймагында жайгашкан Кулунду тозоту ушу тапта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, жалпы абал тынч. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, кечээ күнкү окуяга байланыштуу ал жерге кошумча күч жөнөтүлдү.

15-февралда Кулунду тозоту аркылуу жашырып кара май алып өтөм деген 30га жакын киши чек арачыларды коркутууга аракет кылышкан. Аларды токтотуу үчүн алгач эки жолу асманга аткан чек арачылар кийин алар тарапты көздөй жерге атышканда гана тарашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG