Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Зардари ооган талиптери менен элдешүүнү колдоду


Пакистандын президенти Ооган согушун токтотуу үчүн талиптер менен жарашуу аракетин колдоду. Азиф Али Зардари ошондой эле ырасмий Исламабад Ооганстандагы тынчтык жараянын колдогонун кайра кайталады. Ал бул жөнүндө бейшемби күнү Исламабадда ачылган жыйында билдирди. Ооган президенти Хамид Карзай Пакистандын колдоосун “тынчтык сүйлөшүүсүндө ийгиликке жетүү үчүн абдан маанилүү” дегени маалымдалды. Исламабаддагы үч күндүк саммитке Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад да катышууда. Үч тараптуу кездешүүнүн күн тартибине терроризмге, эл аралык кылмыштуулукка, анын ичинде адам аткезчилигине каршы күрөшүү сыяктуу орчун маселелер киргизилген.

XS
SM
MD
LG