Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Косоволук сербдер Сербияга түйшүк жаратууда


Сербия-Косово сүйлөшүүсү 21-февралда Брюсселде Евросюздун арачылыгы менен өтөт. Бул жөнүндө Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштондун өкүлү маалымдады. Жекшемби күнкү бейрасмий референдумда косоволук сербдер Косовонун албан жетекчилигин тааныгандан баш тарткан. Бул сүйлөшүү Евробиримдик Сербияны 27 мүчөлүү союзга кабыл алуу жагын чечкени жаткан кезге туш келүүдө. Сербияга Биримдикке өтүүсү үчүн Косово менен кызматташуусу маанилүү экени эскертилген. Сербиянын президенти Борис Тадич косоволук сербдердин каршы добуш бергени Приштина менен диалогго салым кошпосун билдирди.

XS
SM
MD
LG