Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

Пан Ги Мун ооган апийимине каршы согушту күчөткөнгө үндөдү


Венада Ооганстандагы маңзаттарынын проблемасына арналган эл аралык жыйын өтүүдө. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Ооганстандагы апийим соодасына каршы согушта эл аралык коомчулук жеңилип жатканын айтты жана маңзат өндүрүшү кыскартылмайын, өлкөнүн экономикалык өсүшү мүмкүн эмес деди:

- Ооган апийимин экспорттоодон түшкөн пайда 2,4 миллиард доллар болушу ыктымал. Биз маңзат соодасынан түшкөн киреше Ооганстандын ички дүң жыйымынын 15 процентин түзгөн шартта, стабилдүүлүк болоруна ишенбейбиз. Апийим өстүрүү өлкөдө экономиканы жандандырып турган бирден бир булак болуп турганда, биз туруктуу өсүш тууралуу сөз кыла албайбыз.

Ооганстандын маңзаттарына каршы күрөшүү министри Зарар Османи маңзаттарын өндүрүү өлкөдө коопсуздук абалы жакшырмайынча токтобосун айтты.

XS
SM
MD
LG