Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Европарламент Беларуста өлүм жазасына мораторий жарыялоого чакырды


Бул боюнча резолюцияны Европарламент кечээ кабыл алды. Андан сырткары, Европарламент президент Александр Лукашенкону Минсктеги метродо былтыр болгон жардыруу боюнча айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынгандарга кечирим берүүгө үндөдү.

Кайрылууда айтылгандай, 15 адамдын өлүмүнө алып келген апрелдеги жардыруу үчүн айыпталган Владислав Ковалев менен Дмитрий Коноваловдун ишин кароодо көптөгөн катачылыктар кетирилген. Ошондой эле, европалык депутаттардын резолюциясында Беларуста камалган баардык саясий туткундарды, алардын ичинде президенттикке талапкерлерди да, тезинен бошотууга чакырык айтылды.

Европарламенттин Словакиядан депутаты, мурдагы белгилүү хоккеист Петер Штястны дебат учурунда: "Евробиримдик Беларуска каршы экономикалык санкцияларын жана евроаймакка саякатка салынган тыйууну дагы сактап турушу керек, - деп билдирди. - Андан сырткары, Европарламент менен АКШнын Сенатынын 2014-жылы хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты башка жакта өткөрүү боюнча талабын колдош керек. Мунун баары өлкөдө саясий туткундарды бошотуу үчүн шарт болуп бере алат".

XS
SM
MD
LG