Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Кумтөрдө иш таштоо аяктады


Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр Оперейтинг Компани” алтын кен ишканасында иш таштоо аяктады. Аталган компаниянын маалымат кызматынан билдиришкендей, 16-февралда жетекчилик кызматкерлеринин эмгек акысын 4,5%га жогорулатууну сунуштады. Иш таштагандардын өкүлдөрү бул сунушту талкуулап, кабыл алышты. Иш таштоону токтотуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” өлкөнүн Соцфондуна дайыма камсыздандыруу взносторун төлөп келгендигин билдирет. 1995-жылдан 2011-жылга чейинки аралыкта ишкана фондго 71,8 миллионго жакын доллар которгон.

1400дөй кызматкер иш таштап, компания жетекчилигин 16 жылдан бери Социалдык фондго талап кылынуучу төлөмдөрдү толук төлөбөй келатат деп күнөөлөп, айлыкты көтөрүүнү же компенсация берүүнү талап кылышкан болчу. Иш таштоо 7-февралда башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG