Ош шаардык кеңешине депутат болом дегендердин 14ү талапкерлигин алып салышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева билдирди.
Анын айтымында, шайлоого катышуудан баш тарткандардын баардыгы өз ыктыяры менен арыздарын кайра алышты.
“Арызын кайра алгандар “Улуттар биримдиги” партиясынан эки, “Республика” партиясынан төрт, КУДПдан эки, КСДПдан беш жана “Ата Мекенден” бир киши”,- дейт Маматалиева.
Буга чейин шайлоого катышуу үчүн 8 партиядан 696 талапкер катталганы маалымдалган. Шайлоо 4-мартта өтөт. (SE/RK)