Ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында жүзгө жакын адам чогулган митинг өтүүдө. Алар УКМКнын тергөө абагында асынып өлдү делген милиционер Айбек Эшбаевдин туугандары экенин кабарчыбыз маалымдайт. Эшбаевдин өлүмүнө жол берген абак кызматкерлерин жоопко тартып, комитеттин жетекчиси Шамил Атахановдун кызматтан бошотулушун талап кылышууда. Митингге жүздөй тартип кызматкери байкоо салып турат.
Пара алды деген шек менен кармалган Бишкек милициясынын жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев жакында УКМКнын тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары бир топ жагдай боюнча күмөн жараткан суроолору бар экенин айтышууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. (BuS/RK)