Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

"Элдик Курултай": Кадр саясаты эскиче жүрүп жатат


"Элдик Курултай" кыймылы жер-жерлерди кыдырып, "Улуттук Улуу Курултай жөнүндөгү" мыйзам долбоорун эл менен талкуулап бүттү. Талкуу учурунда 70тей сунуш айтылып, анын баары колдоо тапты. Бишкекте жыйынтык жыйын өтүп, кайрылуу кабыл алынганын аталган кыймылдын өкүлү Кубатбек Осмонов "Азаттыкка" кабарлады. Ал кайрылууда "эки революция тең өз максатына жетпегени, кадр саясаты эч өзгөрбөстөн эскиче жүрүп жатканы, апрел, июн окуяларына саясий, юридикалык баа берилбей, күнөөлүүлөр жазага тартылбаганы, коррупция, кылмыштуулук күчөгөнү" айтылат. Кыймылдын пикиринде, "азыркы кырдаалдан Элдик Курултай институтун мыйзамдаштыруу аркылуу элдик бийликти орнотуу менен гана чыкса болот". Мындай мыйзам долбоору учурда парламентте талкууда. (RK)

XS
SM
MD
LG