Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Ооган талиптери Карзайдын сөзүн "калпка" чыгарды


Ооган талиптери Кошмо Штаттар жана Ооган өкмөтү өлкөдөгү 10 жылдан берки согушту токтотуу боюнча үч жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө деген маалыматты калпка чыгарды. Ооган президенти Хамид Карзай бейшемби күнү “The Wall Street Journal” гезитине басылган интервьюда талиптер согушту токтотконго “ачыктан ачык” кызыгууда жана тынчтыкка жетишүү боюнча үч жак сүйлөшүүдө деген эле. Бирок Карзай сүйлөшүүгө доо кетириши этимал деп, анын кайда өүп жатканын айткан эмес. Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахиддин айтышынча, аларда дегеле Карзайдын бийлиги менен “сүйлөшүү пландары” жок.

XS
SM
MD
LG