Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Атамбаев Орусиядан базалары үчүн акы талап кылат


Орусиядан өлкөдөгү аскерий объектилери үчүн акча төлөөнү талап кыларын президент Атамбаев бүгүн Ошто студенттер менен болгон кездешүүдө айтты. Кыргыз өкмөтү Орусиядан канча акы талап кылары азырынча белгисиз. Кыргызстанда бул өлкөнүн коммуникция борбору, Ысык-Көлдө торпедолорду сыноочу базасы, Жалал-Абадда сейсмология борбору, Кантта аскерий базасы бар.

Бишкектин "Манас" аэропортунда АКШнын транзиттик борбору да бар. Вашингтон борбор үчүн ижара акы төлөп турат.

ИНТЕРФАКС агенттиги КРнын мурдакы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге шилтеп кабарлашынча, Орусия 2010-жылы өлкөдөгү аскерий объектилери үчүн 4, 5 миллион доллар төлөөгө тийиш.

XS
SM
MD
LG