Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

УКМКда ажал тапкан МАИчинин жакындары митингге чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын тергөө абагында асынып өлдү делген Жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаевдин балдызы Жыпаргүл Кожомжарова билдирди. Ушул тапта шаардык прокуратуранын алдында 20га чукул киши чогулуп турат. Алар шаардык прокуратуранын тергөөчүсү Эркин Чодобаевдин сыртка чыгуусун талап кылып жатышат. Азырынча прокуратурадан эч ким чыга элек.

Айбек Эшбаевдин туугандары кечээ да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында жүзгө жакын адам болуп митингге чыгышкан. Митингчилер Эшбаевдин өлүмүнө жол берген абак кызматкерлерин жоопко тартып, комитеттин жетекчиси Шамил Атахановдун кызматтан бошотулушун талап кылышкан. Пара алды деген шек менен кармалган Бишкек милициясынын жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев аз күн мурда УКМКнын тергөө абагында ажал тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары бир топ жагдай боюнча күмөн жараткан суроолору бар экенин айтышууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG