Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Таласта жеңилдетилген насыя жетпей жатат


Өкмөт бөлгөн 1 миллиард сомдун ичинен таластык дыйкандар менен фермерлерге 7 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү үчүн 89,4 млн сом акча каралган. Таласта насыя алуу үчүн бул күндөрү 2490 адам кайрылып, 498,4 млн сом каражат сурашкан. Бөлүнгөн сумма акча сурап кайрылгандардын 17 пайызын гана канааттандырат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облустук администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы Сагынаалы Осмонбеков кабарлады. Насыяга жетпей калгандар аймакта жүздөп саналат. (MbA/AzK))

XS
SM
MD
LG