Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Бээжин Сириядагы кырдаалга тынчсызданууда


Кытай тышкы мекемесинин расмий өкүлү Чжай Цзюн Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушуудан кийин жаатташкан тараптарды кан төгүүнү токтотууга үндөдү. Чжай Бээжин зордук-зомбулуктун күчөшүнө абдан тынчсызданганын билдирди. Үстүбүздөгү аптада Кытай БУУнун Башкы ассамблеясынын Сирия боюнча резолюциясына каршы добуш берген. Документ ал өлкөдөгү адам укуктарынын тебеленишин айыптайт. Ай башында Кытай жана Орусия БУУнун Коопсуздук кеңишинин ушундай эле резолюциясына вето коюшкан. Ал тапта сириялык активисттер өкөмттүк күчтөр Асад режимине каршы козголоңдун очогу болгон Хомс шаарын аткылоону улантышканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG