Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Чоң-Алайга тоют жеткирилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, ушул тапта Бишкектин чет жакасындагы Фрунзе колхозунан 150 тонна арпа, 350 тонна чөп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бөлүнгөн 16 жүк ташуучу унаага жүктөлдү. Алар бүгүн-эртең Чоң-Алайга жол тартканы турушат. Ушундай эле жардам Чаткал районуна да көрсөтүлөт.

Аталган райондордо кар калың түшүп, мал-жандыктарына тоют жетпей калган. Буга жайкы кургакчылыктан улам жетиштүү тоют камдалбай калганы себеп болду. (AzK)

XS
SM
MD
LG