Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Ирак: диссиденттер өткөөл лагерге көчүрүлүп жатат


Ирак бийлиги Ашраф качкындар лагериндеги ирандык 400дөй диссидентти Багдад аэропортуна жакын жердеги өткөөл лагерге көчүрүүгө киришти. Ирандын Элдик можахеддер уюмунун мүчөлөрү Ирактан башка жерге жөнөтүү маселеси чечилгенче ал жерде болушат. Уюм Ирандын диний башкаруусун төңкөрүүгө үндөп келет.

Ирак өкмөтү менен БУУ декабрда жетишкен келишимге ылайык, Ашрафтагы 3 миңдей качкындын бардыгы башка өлкөлөрдө жайгаштырылат. Иракта баш пааналагандар 1980-жылдары Ирак-Иран согушу маалында Ирак тарабында күрөшүшкөн. Кийин Багдад менен Тегерандын мамилелери жакшыргандан кийин уюмдун мүчөлөрү Ирактын коопсуздук күчтөрү менен 2 ирет кагылыша кетишкен.

XS
SM
MD
LG