Үрүмчүдө 3-4 жылдан бери мекенине кайта албай жүргөн кыргызстандык жаран Кылычбек Мергенбаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин Кытайдын Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаев кабарлады. Ал буга чейин “Азаттыкка” маек куруп, Мергенбаевге виза ачыш үчүн кытай тарапка 5 миң юан же 38 миң сом айып пул талап кылынганын билдирген болчу. Үрүмчүдөгү өкүлчүлүк бул каражатты Мергенбаевге төлөткөн эмес.
Ысык-Көл облусуна караштуу Кажы-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Кылычбек Мергенбаев үч жылдан ашуун убактан бери Үрүмчүдөн Кыргызстанга келе албай жүргөн. Өзүнүн “Азаттыкка” айтканына караганда, ал Үрүмчүгө 2008-жылы жазында барган. Товар ташып, ишкерлик менен алектенчү экен. Кытай-уйгур тополоңу маалында документтерин жоготуп алып, ошондон бери мекенине кайта албай калган. Мергенбаевдин Кыргызстанга келе албай жүргөнүн “Азаттыкка” алгач Майрамбек Бакасов аттуу адам кабарлаган.
Маалыматтарга караганда, Кытайдын Үрүмчү калаасында ар кандай себептерден улам мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Бери дегенде эле 20-30дан ашат. (KE)