Мындай демилгени көтөргөн белгилүү этнограф, жазуучу жана фольклор жыйноочу Тайтөрө Батыркулов өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге кат жолдоду. Катта “Бул эки тамга кыргыз тилдеги сөздөрдө көп колдонулат. Кыргыздар мурдагыдай сөздөрдү талдап, тандап, орундуу улаштырып, маанилүү, угумдуу түшүнүктүү сүйлөм түзүп сүйлөштөн калды. Бузулган сөздөрдүн мааниси гана эмес, угумдуулугу, жугумдуулугу, сылыктыгы да жоюлду”, - деп жазат.
43 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келаткан Тайтөрө Батыркулов ушуну менен төртүнчү президентке кайрылып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ушул эле маселелер камтылган илимий-практикалык конференция 4-мартта И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетте өтөт. (КЕ)