Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Латыштар орус тилине "расмий" деген макам берүүгө каршы


Алдын ала маалыматтарга караганда, латвиялык шайлоочулар орус тилине экинчи расмий тил деген макам берүү сунушун четке кагышты. Добуш берүүгө катышкандардын 78 пайызы “жок” деп жооп беришкен. Советтик мезгилден бери өлкөдө жашап калган орустар Латвия калкынын үчтөн бир бөлүгүн түзүшөт. Орус тилинин таламын талашкан демилгелүү топтун сунушу адегенде депутаттардын кароосуна коюлган, бирок эл өкүлдөрү аны колдобой коюшкан. Кээ бир орустар Латвияда дискриминацияга туш болуп жатышканын айтышса, башкалары латыш тилин эгемендүүлүктүн символу катары баалашат.

XS
SM
MD
LG