Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Виталий Кличко дүйнө чемпиону наамын коргоп калды


Украиналык боксер Виталий Кличко оор салмакта бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды. Кечээ Мюнхенде өткөн таймашта ал 12 раундда британиялык Дерек Чисораны жалпы упайлар боюнча жеңди.

Мелдеш аяктагандан кийин Кличко атаандашынын рингде жакшы мушташканын айтып, "адам катары мен аны сыйлабайм" деп кошумчалады. Жума күнү спортчулар таразага түшүп жаткан кезде Чисора Кличкону жаакка чаап жиберген. Рингге чыгаардын алдындагы аземде бетине суу чачкан.

Таймаштын жыйынтыктары чыгаары менен Чисора беттешүүнү кайра өткөрүүнү талап кылып, андай болбосо, Кличконун иниси Владимир менен мелдешээрин айтты. Андан кийинки маалымат жыйында да ал чуу чыгарып, мекендеши боксер Дэвид Хэй менен мушташа кетти.

XS
SM
MD
LG