Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Түндүк Корея Түштүк Кореяны кайрадан айыптады


Түндүк Корея Сеул талаштуу аймакка жакын жерде машыгуу өткөргөнү жатат деп, Түштүк Кореянын турумдарына чабуул коюуга даярдыгын билдирди. Түндүктүн армия командачылыгы жасаган билдирүүдө айтылгандай, түштүк кореялыктардын деңиздеги машыгуулары эртең башталмакчы. Расмий Пхеньян муну артын ойлобогон провокация деп атап, ага айоосуз жооп кайтарылаарын белгилейт.

Түндүк Кореянын жетекчилиги чек арага жакын аймагындагы 5 айыл-кыштактын элине убактылуу көчүү кеңешин берди. Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги азырынча машыгуу тууралуу маалыматты тастыктай элек.

XS
SM
MD
LG