Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыргызстанда “Актерлор ырдашат” сынагы өтөт


Маданият жана туризм министрлиги “Актерлор ырдашат” аттуу республикалык сынак өткөрөт. Аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, сынак 27-мартта белгиленчү Эл аралык театр күнүнө карата уюштурулууда. Иш-чаранын максаты - актерлордун аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү. Жеңүүчүлөргө дипломдор “ Мыкты аткаруучу”, “Чет элдик авторлордун чыгармасын мыкты аткаруучу” жана “Мыкты аранжировка” номинациялары боюнча берилет. Сынак үч этапта өтүп, жыйынтыктоочу концерт 27-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG