Германиянын канцлери Ангела Меркел оппозиция сунуштаган мурунку Чыгыш Германиядагы диссидент, укук коргоочу, протестант динаятчы Иоахим Гауктун талапкерлигине макул болду.
Бул тууралуу жекшембинин кечинде Меркел журналисттерге билдирди. Башкаруучу коалициядагы башка партиялар менен оппозиция өкүлдөрү 17-февралда кызматтан кеткен Кристиан Вульфтун ордуна келчү адамдын талапкерлигин талкуулашкан.
Иоахим Гаук 2010-жылы оппозиция тарабынан Германиянын президенттигине талапкерлигин коюп, бирок башкаруучу коалициянын колдоосуна ээ болгон Кристиан Вульфка уттуруп койгон.
72 жаштагы Гаук эки Германия бириккенден кийин Чыгыш Германиянын мамлекеттик коопсуздук кызматынын архивтерин жетектеген. Немистердин таанымал укук коргоочуларынын бири.
Германиянын президентине добуш берүү 18-мартка чейин немис парламентине өтөөрү күтүлүүдө.