Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

№1 абакта өткөөл үчүн казылган жер табылды


№1 абакта өткөөл үчүн казылган жер табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Казылган жердин тереңдиги 2 метрдей, узундугу 10 метрге жеткени аныкталды. Аны казгандар бетин кылдаттык менен жаап коюшкан. Тинтүү учурунда бул абактагылардан 103 бычак, учталган темир, ошондой эле акча, уюлдук телефон, фотоаппарат жана башка тыюу салынган нерселер алынган. №1-абак Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG