Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Акыйкатчы иши тууралуу коомчулукка маалымат берет


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун коомчулук алдында маалымат берет. Иш-чара эртең Бишкекте өтөөрүн Турсунбек Акун "Азаттыкка" кабарлады. Ага эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат. Акыйкатчы 4 жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу кеңири маалымат берет. Турсунбек Акундун бул кызматка келгенине 21-февралда төрт жыл болот. Акыйкатчы жыл сайын бир жолу Жогорку Кеңешке да жасап жаткан иши тууралуу маалымат берет. Бирок былтыр парламенттеги докладын депутаттар кабыл албай коюшкан болчу. Аны кызматтан кетирүү маселеси коюлгандыктан, атайын комиссия түзүлүп, ал акыйкатчыны кетирүүгө негиз жок деген жыйынтыгын чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG