Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Кыргызстандын түштүгүндө бүгүн экинчи жолу жер силкинди


Кыргызстандын түштүк аймагында бүгүн экинчи жолу жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирет. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, саат 10:18де очогунда 4,5 балл болгон жер титирөө катталды. Очогу Жалал-Абаддагы Арстанбап айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышты карай, Кара-Көл шаарынан 35 чакырым түштүк-чыгышты карай, Кочкор-Ата шаарынан 30 чакырым түндүк-чыгышты карай болду. Жер титирөө Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр айылдарында 4 балл, Кара-Көл шаарында 3 балл, Жалал-Абад, Өзгөн жана Майлуу-Суу шаарларында 2-3 баллга жетти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жана адам өлүмүнө зыян болгон жок.

Бүгүн эртең мененки саат 8:23тө да Жалал-Абад облусунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган болчу. Анын очогу Чкалов айылынан 5 чакырым чыгышты карай, Майлуу-Суу шаарынан 40 чакырым түштүк-чыгышты карай, Жалал-Абад шаарынан 30 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Бул жер титирөө Чкалов, Арстанбап айылдарында 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында 4 балл, Жалал-Абад, Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларында 3 баллга жеткен. Бишкекте жердин титирегени сезилген жок. Майлуу-Суу менен Бишкектин ортосундагы аралык 220-250 чакырымды түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG