Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

ИИМ: Ишеним телефон номуру жазылган жарнактар шаарга илинет


Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы ишеним телефону жазылган атайын жарнактар жакын арада Бишкек шаары боюнча илинээрин бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда министр Зарылбек Рысалиев айтты. Ал өкмөт башчысына коррупцияга каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Рысалиевдин айтымында, коррупция боюнча алты кылмыш өкмөттүн коррупцияга каршы сайты аркылуу кайрылуулардын негизинде ачылды.

"Жарандардын активдүүлүгү артып жаткандыгын белгилеп коюу керек, бизге ишеним телефондоруна, коррупцияга каршы сайт аркылуу кайрылган жарандардын саны көбөйүүдө", - деди министр.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов күч органдары менен жарандардын өз ара байланыш механизмдерин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Бир дагы кайрылуу көңүлдөн чет калбашы керек. Элге көрүлгөн чаралар боюнча жыйынтыктар жөнүндө сөзсүз түрдө маалымат берилиши зарыл. Биз коррупцияга каршы сайттын мүмкүнчүлүктөрүн колубуздан келишинче пайдаланып, элдин укук коргоо органдары менен байланышын арттырышыбыз керек”, - деди Бабанов.

Өкмөттүн коррупцияга каршы www.anticorr.gov.kg сайты азыркы тапта жакшыртылып жатканын, сунуштар nur@mail.gov.kg дареги боюнча кабыл алынаарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (RK)

XS
SM
MD
LG