Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

МАГАТЭ инспекторлору Иранга кайра барды


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин инспекторлору Иранга эки күнгө келишти. Тегерандагы сүйлөшүүнүн негизги максаты - Ирандын атомдук бомбаны жасоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо экенин топтун жетекчиси Герман Накертс билдирди. Иран ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөөрүн айтып жүрөт. Жекшемби күнү АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими Мартин Демпси жана Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Израилди акыркы эл аралык санкциянын таасирин күтүүгө чакырып, непадан Иранга сокку ургандан этият болууну эскертишти. Тегеран жекшемби күнү Британия жана Франциянын компанияларына кара май сатканды токтотконун маалымдады.

XS
SM
MD
LG