Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Рысалиев: Коррупция боюнча 57 кылмыш иши козголду


Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кечээ, 20-февралда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда айтты. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жолугушууда Рысалиев Ички иштер министрлигинин коррупция менен күрөшүү ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди. Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде коррупция боюнча 57 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Алты кылмыш иши өкмөттүн коррупцияга каршы сайты аркылуу кайрылуулардын негизинде ачылган. Бабанов бир дагы кайрылууну көңүл сыртында калтырбоо зарылдыгын белгилиди.

Эл аралык уюмдардын баамында, Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 1-декабрда ант берүү аземи учурунда жемкорлук менен күрөшүүнү убада кылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG