Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Бишкек башкы архитектурасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду


Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы башкармалыгы менен ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы Бишкектин башкы архитектурасында текшерүү иштерин жүргүздү.

Анын негизинде 2012-жылдын 15-февралында Кыргызстан Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Бишкектин башкы архитектурасынын жетекчи кызматкерлер курамына кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, алар мыйзамсыз жер бөлүгүн саткан жана “Ак-Чүй” соода комплексинин курулушуна керектүү уруксат документтерин берген деп шектелүүдө. Учурда бул кылмыш иши иликтенип жатат. Мындан сырткары 14-февралда Социалдык фонддун бөлүм башчысы 23 миң 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG