Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Нигерия: Майдугуридеги атышууда кеминде 30 киши өлдү


Нигериянын түндүк-батышындагы Майдугури шаарында жергиликтүү базарда ок атышууда өлгөн адамдардын арасында аялдар-балдар дагы бардыгын France-presse агенттиги кабарлайт.

Азырынча элге каршы ок чыгарган ашыккан исламчыл «Боко Харам» тобу болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Өлкөнүн аскерий мекемеси набыт болгондордун арасында карапайым тургундар жоктугун айтууда. Расмий маалыматта окуя болгон жерге чукул келген атайын күчтөр 8 согушкерди атып өлтүрүп, базарда орнотулган жардыруучу заттарды зыянсыздандырган.

"Боко Харам" тобу Нигерияда диний мыйзамдарды орнотууну көздөп, өлкөдөгү христиандар сыйынуучу жайларды жардырганын мойнуна алган. Ошондой эле Кано шаарында террордук чабуул уюштуруп, анда 180ден ашуун киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG