Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Ооганстандын түштүгүндө 2 албан аскер набыт болду


Ооган полициясынын кийимин кийген белгисиз бирөөлөр НАТОнун аскерлерине ок чыгарып, анда 2 албан аскер көз жумду. Жарадар болгон дагы бир аскердин жарандыгы айтыла элек.

Албаниянын Коргоо министрлиги окуяга байланыштуу 11 ооган аскер камалгандыгын билдирди.

Атышуу ооган-пакистан чек арасына жакын Кандагар провинциясында болгон. Эл аралык күчтөрдүн курамында 260тай албаниялык аскерлер кызмат өтөйт, бул каргашалуу окуя Ооганстандагы албандык күчтөрдүн биринчи жоготуусу.

XS
SM
MD
LG