Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

Бишкек ТЭЦине газ берүү калыбына келди


Бишкектин Жылуулук электр централын (ТЭЦ) газ менен толук камсыз кылуу иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу Электр станциялар ишканасынан маалымдашты. 20-февралдан тарта "Кыргызгаз" ТЭЦке күнү-түнү ар саат сайын 15 миң куб метр көгүлтүр отун берип турат. 5-февралда Казакстандан келген газ азайгандыктан ТЭЦке мазут жагылып жаткан. Бишкек ТЭЦи шаар системасына кирген үйлөрдү ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылат. (RK)

XS
SM
MD
LG