Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Кыргызстанда бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт


Президент Алмазбек Атамбаев бильярд боюнча эл аралык комитеттин башкы директору Александр Никифоровду кабыл алды. Жолугушууга Кыргызстандын бильярд спорт федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев менен Казакстандын бильярд спорт федерациясынын жетекчиси Ансар Каранеев катышты. Быйыл март айында Кыргызстанда орус бильярды боюнча дүйнөнүн биринчилигин өткөрүү маселеси талкууланды. Каныбек Сагынбаев спорттун бул түрү боюнча жакшы жыйынтыктар бар экенин, татыктуу жаш оюнчулар өсүп келатканын айтты. Дүйнө чемпионатын өткөрүү Кыргызстанда бильярд спортун мында ары өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет деген оюн билдирди. Бул кабар президенттин маалымат кызматынан алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG