Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Европа Кыргызстанда тынчтык орнотуу долбоорун каржылайт


Европа Комиссиясы "Кыргызстанда чыр-чатактардын алдын алуу жана тынчтык орнотуу" долбооруна 4,6 миллион евро бөлдү. Аны Эл аралык бейөкмөт уюмдар альянсы ишке ашырат. Бир жарым жылга эсептелген бул иш былтыр ноябрда башталганын "Азаттыкка" долбоордун координатору Дариха Эркетаева билдирди. Анын айтымында, иш-чаралар негизинен Ош, Баткен, Жалал-Абад облусатрында жүргүзүлөт. Мындан тышкары, Чүй облусун да камтыйт. Долбоор 100гө жакын айылга жетет. (RK)

XS
SM
MD
LG