Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Кыргызстанга АКШ Конгрессинин делегациясы иш сапар менен келет


Бүгүн конгрессмен Дэвид Драйер башында турган АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын делегациясы Кыргызстанга иш сапар менен келет. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, делегация мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаев, парламент төрагасы Асилбек Жээнбеков жана фракция лидерлери менен жолугушат. Парламенттин бир катар комитет жыйындарына катышат.

АКШ Конгрессинин делегациясынын курамында Дэвид Драйерден тышкары Жеймс Моран (Демократиялык партия - Вирджиния), Жо Уилсон (Республикалык партия - Түштүк Каролина), Адриан Смит (Республикалык партия - Небраска), Кэнни Мерчант (Республикалык партия - Техас) бар. (RK)

XS
SM
MD
LG