Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Прокурорлор депутаттын кол тийбестигин алып салууну сурады


Башкы прокуратура “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду тергөө ишине тартууга уруксат берүүсүн өтүнүп, 21-февралда Жогорку Кеңешке кат менен кайрылды. Парламенттин регламентине ылайык, сунуш келип түшкөндөн кийин 48 сааттын ичинде депутаттык комиссия түзүлүүгө тийиш. Ал комиссия бир ай аралыгында парламентке өз жыйынтыгын бериши керек. Жогорку Кеңештин шаршембиге белгиленген жалпы жыйынында комиссия түзүлүшү мүмкүн экендигин депутат Исхак Пирматов билдирди.

Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, депутат 2008-2010-жылдары “Кыргызмунайгазды” жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деп шектелүүдө.

Бирок Пирматов өзүнүн бул иште эч кандай күнөөсү жоктугун айтууда. Анын билдиргенине караганда, бул кылмыш иш өткөн жылы март айында эле козголуп, бирок кылмыш жок деген негиз менен эки ирет токтотулган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG